Антонио Гутерреш : "Климаттык кыйроо башталды"

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерреш ушул кезге чейинки катталган  эң ысык жайга байланыштуу "климаттык кыйроо башталды" деген билдирүү жарыялады.

2034114

Гутерреш бул тууралуу  жазуу түрүндө маалымат берди.

Окумуштуулардын көп убакыттан бери фосилдик отундарга болгон көз карандылыктын фктымалдуу таасирлерине каршы эскерткендигин эске салган Гутерреш учурдагы ашыкча аба кубулуштарынын дүйнөнүн бардык жерлерине таасирин тийгизгендигин айтты.

Гутерреш : "Планетабыз кайноо мезгилинен өттү. Ушул кезге чейин катталган эң ысык жай болду. Климаттык  кыйроо башталды",- деп эскертти.

Температуранын жогорулашы дагы көп аракетти талап кылганына көңүл бурган Гутерреш : «Лидерлер климат маселесин чечүү үчүн аракет кылышы керек. Азыр да климат кризисинин эң начар чегине жетүүсүн  алдын ала алабыз. Жогото турган убактыбыз жок»,-деди.
 
Тектеш кабарлар