Израиль полициясы палестиналык окуучулардын китептерин конфискациялады

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Израиль полициясы Месжид - и Аксанын короосундагы мектептерине барган палестиналык окуучулардын баштыктарын тинтүүгө алды.

2033686
Израиль полициясы палестиналык  окуучулардын китептерин конфискациялады

Израиль полициясы оккупациядагы Чыгыш Кудаста Месжид  - и Аксанын короосундагы мектепке барган палестиналык окуучулардын китептерин конфискациялады.

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Израиль полициясы Месжид - и Аксанын короосундагы мектептерине барган палестиналык окуучулардын баштыктарын тинтүүгө алды.

Израиль полициясы Палестинанын окуу программасына ылайык басылган китептерде Палестинанын желеги табылды деген негиз менен окуучулардын  китептерин конфискациялады.

Кудс Ислам фонддор башкармалыгы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль полициясы китептерин тартып алган палестиналык окуучулардын Месжид -  и  Аксага киришине уруксат бергени белгиленди.

Израиль полициясы бул тууралуу азырынча маалымат бере элек. 

Тель - Авив башкаруусу иудаизация саясаттарынын алкагында 1967 - жылы оккупацияга алган Чыгыш Кудустагы Палестина мектептериндеги окуу программасын жоюп Израилдин окуу программасын ишке ашырууга аракет кылууда.

Палестинанын чечкиндүү каршылыгынан улам Израиль оккупациядан бери   Чыгыш Иерусалимдеги мектептерге өзүнүн окуу программасын киргизе алган жок, бирок бул тууралуу аракеттерин улантууда. 

 

 



Тектеш кабарлар