АКШ Ирандын байытылган уран өндүрүшү тууралуу маалымат берди

АКШ Ирандын уранды 60 пайыздык  тазалыкка чейин байытуусунун  кандай негизи жана тынчтыкка салым кошо турган себебинин жок экендигин билдирди.

2033842

АКШнын мамлекеттик идепартаментинин катчы орун басары Ведант Пател борбор шаар Вашингтондо өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ирандын 60 пайыздык таза уранды байытуу процесси тууралуу суроого жооп берген Пател : "Ирандын 60 пайызга чейин байытылган уран өндүрүүсүнүн  эч кандай жүйөлүү жана тынчтыкчыл себеби жок”,-деди.

Ирандын тынчтык максатында жогорку деңгээлдеги уран иштеп чыгууда деген билдирүүлөрүнө көңүл бурган Пател : "Бүгүнкү күндө дүйнөнүн эч бир  өлкөсү бул ырастоолордун негизинде  60 пайызга чейин байытылган уран колдонбойт",- деди. 

Ведант Пател  Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдө эч кандай өнүгүүнүн жок экендигин билдирди.

Тектеш кабарлар