Керкүктөгү демонстрациялар...

Губернатор Жубури, «Фейсбук» социалдык медиа эсебинен жарыяланган билдирүүсүндө, премьер-министр Мухаммед Шиа Эс-Судани менен телефон аркылуу маселени сүйлөшкөнүн жарыялады.

2032330
Керкүктөгү демонстрациялар...
kerkuk protestolar1.jpg
kerkuk protestolar.jpg

Ирактын Федералдык соту Керкүктөгү армиянын баш кеңсесин эвакуациялоо жана аны Күртстан Демократиялык партиясына (КДП) өткөрүп берүү чечимин токтотту.

Соттун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Керкүк Араб депутаты Васфи Асинин армиянын штабын КДПга бербөө үчүн Федералдык сотко берген доо арызы каралып, чечилди.

Билдирүүдө «Премьер-министрдин (Мухаммед Шия эс-Суданинин) Керкүктөгү Биргелешкен операция күчтөрүнүн штабын бошотуу чечими токтотулду. Соттун бул чечими акыркы жана бардык жооптуу кызматкерлер үчүн милдеттүү»,-деп айтылат.

Ирактын Күрт аймактык башкаруусуна (ИКАБ) караштуу пешмерге күчтөрү 2014-жылы террордук уюм ДЕАШтын чыгышынан кийин Керкүктө Ирак армиясы эвакуацияланган базаларга жайгаша баштаган жана шаарды 3 жыл де-факто көзөмөлүнө алган.

ИКАБдын 2017-жылдын 25-сентябрындагы «көз карандысыздык референдуму» деп аталган референдум жана Керкүктү аннексиялоо аракетинен кийин 2017-жылдын 16-октябрында борбордук өкмөткө караштуу күчтөр Керкүктүн аймагына кирип, шаардагы пешмергелерди жойгон.

Ирак армиясы КДП имаратын бошотуп, Керкүк Операция командирлигине айланткан болчу.

Премьер-министр Мухаммед Шиа Эс-Суданинин буйругу менен имараттын көчүрүлүп, КДПга өткөрүп берилиши үчүн даярдыктар көрүлгөн деген билдирүүлөргө карата 25-августта башталган нааразылык акциясынын алкагында активисттер Эрбил-Керкүк жолун тосушту.

Армиянын көзөмөлүндөгү имараттын КДПга берилишине каршы чыккандар тарабынан жабылган Эрбил-Керкүк автожолунун ачылышын талап кылган КДПнын бир топ жактоочусу митинг уюштургандан кийин кечээ Киркүктө окуялар башталган.

Нааразылык акцияларынан кийин окуялар күчөгөндөн кийин коменданттык саат жарыяланды. Окуяларда каза болгондордун саны 4кө, жаракат алгандардын саны 15ке жеткени жарыяланды.

Керкүктө коменданттык саат бүгүн эртең менен жоюлуп, Эрбил-Керкүк жолу көзөмөлдөнгөн түрдө ачылды.



Тектеш кабарлар