Нигерде БУУ жана бейөкмөт уюмдардын иши токтоду

Нигердин Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, БУУнун жана өлкөдө иш алып барган бейөкмөт уюмдардын иштери тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

2031931
Нигерде БУУ жана бейөкмөт уюмдардын иши токтоду

Нигерде аскердик администрация, Бириккен Улуттардын Уюму (БУУ) жана өкмөттүк эмес уюмдардын "аскердик аймактардагы" ишин убактылуу токтотуп жатканын жарыялады.

Нигердин Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, БУУнун жана өлкөдө иш алып барган бейөкмөт уюмдардын иштери тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Билдирүүдө аталган мекеме жана уюмдарга аскердик аймактарда иш жүргүзүүгө тыюу салынганы айтылды.

Коопсуздук маселесинен улам тыюу салынган жерлердин кайсылар экени боюнча эч кандай түшүндүрмө берилген жок.

Бир тараптан ички каттамдардын кайра башталганы, бирок кургактык жана деңиз чек араларынын жабык бойдон кала турганы жарыяланды.


Этикеткалар: #Нигерде аскердик

Тектеш кабарлар