Гутерриш Орусияга кат жолдоду

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында билдирүү жасады.

2031646
Гутерриш Орусияга кат жолдоду

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кара деңиз дан демилгесинин алкагында жетишиле турган жаңы консенсустун туруктуу болушун талап кылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинин басма сөз катчысы Алессандра Веллучинин модераторлугу астында жумалык маалымат жыйыны өттү.

Велуччи БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин кечээ Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Кара деңиз дан демилгесинин жаңыланышы үчүн конкреттүү кадамдар менен кат жөнөткөнүн жарыялаганын эске салды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Кара деңиз дан коридору келишиминин жаңыланышы үчүн конкреттүү кадамдарды камтыган кат жөнөткөнүн билдирген.

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында жасаган билдирүүсүндө, Кара деңиз дан демилгесинин азык-түлүк рыноктору жана азык-түлүк коопсуздугуна абдан чоң салымдарды кошконуна көңүл буруп, демилгенин жаңыланышынын өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Гутерриш демилгеге байланыштуу Орусиянын арыз жана талаптарын да эске алгандарын айтып: «Орусиянын тышкы иштер министри Лавровго кат жолдоп, Кара деңиз дан демилгесин жаңылоо боюнча конкреттүү сунуштарды бердим»,- деди.

«Жаңы келишим туруктуу болушу керек. Кризистен кризиске өткөн, тынымсыз токтотулган демилгени каалабайбыз. Ишке жараган жана пайдалуу демилгени колдойбуз» деген Гутерриш бул сунуштардын, орус азык-түлүк жана жер семирткичтеринин дүйнөлүк рынокторго дагы эффективдүү жана арзан баада чыгышын камсыз кылууну максат кылганын айтты.

Гутерриш, чоң аракеттер менен оң натыйжага жетүүгө болоорун жана мунун коомчулуктарга азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар