Сирияда Дамаск бийлигине каршы демонстрациялар күчөп баратат

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Сирия армиясынын көзөмөлүндөгү Сувейдада 17-августта башталган демонстрациялар бүгүн шаардын борборундагы Кераме аянтында өкмөткө каршы ураандар менен уланды.

2031562
Сирияда Дамаск бийлигине каршы демонстрациялар күчөп баратат

Сириянын Сувейда провинциясында Дамаск башкаруучулугуна каршы нааразылык акциялары 2 аптадан бери уланууда.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Сирия армиясынын көзөмөлүндөгү Сувейдада 17-августта башталган демонстрациялар бүгүн шаардын борборундагы Кераме аянтында өкмөткө каршы ураандар менен уланды.

Аянтка чогулган демонстранттар Сириянын президенти Башар Асаддын кызматтан кетишин талап кылышты.

 «Жашасын эркин Сирия», «Биз мыйзам мамлекетин жана тең жарандыкты кургубуз келет» деген араб тилинде жазууларды көтөргөн жүздөгөн демонстранттар өлкөнүн түндүк-батышындагы  Идлиб провинциясы менен тилектештик үчүн «Башар, Орусия жана Иран менен бирге кетсин» деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

Кошумчалай кетсек, бүгүн шаардын борборундагы эл демонстрацияларды колдоп, дүкөндөрүнүн жапкычтарын түшүрүштү.

Дамаск администрациясынын 16-августтагы күйүүчү майдын баасын көтөрүү чечиминен бир күн өткөндөн кийин өзгөчө Дераа жана Сувейда провинцияларында көптөгөн пункттарда демонстрациялар башталды.



Тектеш кабарлар