«Идалия» бороонунун кесепети

Ылдамдыгы саатына 300 километрден 96 километрге азайган шамал Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарына карай жылып кетти.

2031331
«Идалия» бороонунун кесепети

АКШнын Флорида штатында нөшөрлөгөн жамгыр жана суу ташкынына себеп болгон тропикалык «Идалия» бороонунан 2 киши каза тапты.

Кечээ эртең менен Флорида штатына жеткен «Идалиянын» күчү бороондон тропикалык шамалга азайды.

Флориданын авто жол полициясы, тропикалык шамал учурундагы катуу жамгырда унаасы башкаруудан чыгып дарактарды сүзгөн 2 адамдын каза тапканын билдирди.

Флоридадагы Китон Бичтен жээкке чыккан «Идалия» шамалы себеп болгон кыска мөөнөттүү куюндардын айынан оодарылып кеткен унаада да жеңил жаракат алгандардын бар экени айтылды.

Ылдамдыгы саатына 300 километрден 96 километрге азайган шамал Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарына карай жылып кетти.

Тропикалык шамалдын дем алыш күндөрү кургактыктан Атлантика океанына кайтышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар