Германия: "Украинага көрсөтүлгөн колдоо Европадагы тынчтыкка салынган инвестиция болуп эсептелет"

Бербок Испаниянын Толедо шаарында өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынан мурда билдирүү жасады.

2031551
Германия: "Украинага көрсөтүлгөн колдоо Европадагы тынчтыкка салынган инвестиция болуп эсептелет"

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок, Украинага колдоо көрсөтүүнүн Европадагы тынчтыкка салынган инвестиция экенин айтты.

Бербок Испаниянын Толедо шаарында өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынан мурда жасаган билдирүүсүндө, европалыктардын 18 айдан бери Украинанын келечегинин Евробиримдики экенин баса белгилегенин айтты.

Ушул себептен улам Украинаны 18 айдан бери өзүн коргоо укугу жана Орусиянын президенти Владимир Путин талкалаган бардык нерсенин кайрадан курулуусу үчүн гана эмес, Евробиримдик жолунда да колдоо көрсөткөндөрүн билдирген Бэербок: «Биз ар бир күндү эстешибиз керек; бул жерде биз Европадагы тынчтыкка инвестиция салып жатабыз. Муну бүгүн жасабасак анын кесепети канча болот? Ошондуктан бул колдоо зарыл жана маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар