Макрон Алиев менен сүйлөштү

Алиевге телефон чалган Макрон, Агдам-Ханкенди жана Лачын-Ханкенди жолдорунун ачылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

2030813
Макрон Алиев менен сүйлөштү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Алиевге телефон чалган Макрон, Агдам-Ханкенди жана Лачын-Ханкенди жолдорунун ачылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Алиев Армения жана бул өлкөнүн Азербайжандын Карабах аймагында түзгөн жана колдогон режимдин Агдам-Ханкенди жолун колдонууга атайылап жасалма тоскоолдуктарды жаратып, аны саясий манипуляция үчүн колдонгонун белгиледи.

Армения менен жалган режимдин Эл аралык Кызыл Крест комитетинин ортомчулугу менен Агдам-Ханкенди жолунда жүк ташуу боюнча жетишилген келишимден баш тартканын түшүндүргөн Алиев, Ереван башкаруучулугунун Азербайжан менен макулдашпастан чек арага гуманитардык максатта экенин айткан жүктөрдү алып келгенин, муну менен да саясий спекуляцияны максат кылганын билдирди.

Алиев кайрадан интеграция темаларын талкуулоо үчүн Карабахтагы армян калкынын өкүлдөрүн борбор шаар Бакуга жана Азербайжандын башка шаарларына чакырышкандарын, бирок муну четке кагышкандарын жана абалды атайылап гуманитардык чыңалуу катары көрсөтүүгө аракет кылышкандарын айтты.

Агдам-Ханкенди жолу ачылгандан кийин Азербайжандын бажы жана чек ара режими эрежелерине ылайык Лачын-Ханкенди жолунун да колдонулушу мүмкүн экенин белгилеген Алиев, кечээ Азербайжандын Кызыл Жарым Ай коому тарабынан аймакка азык-түлүк жардамынын жеткирилиши үчүн унаа конвойунун жолго чыккан эске салды.  

Макрон да кырдаалдын турукташтырылышы жана учурдагы чыңалуунун жоюлушуна салым кошууга даяр экендиктерин белгилеп, Франция менен Азербайжандын тиешелүү мекемелеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн улантылышын сунуштады.

Макрон кечээ Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн.



Тектеш кабарлар