Путин Чоң жыйырмалыктардын жыйынына катышпайт

Индиянын NDTV каналы билдиргендей, Владимир Путин кечээ Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2030635
Путин  Чоң жыйырмалыктардын жыйынына катышпайт

Россиянын президенти Владимир Путин бул жылы Индиянын кезектешкен башкаруучулугунда   9 - 10 - сентябрда өтүүчү Чоң жыйырмалыктардын лидерлер саммитине катыша албай тургандыгын  билдирди.

Индиянын NDTV каналы билдиргендей, Владимир Путин кечээ Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Путин Чоң жыйырмалыктардын саммитине катыша албай тургандыгын, ордуна Тышкы иштер министри Сергей Лавровду милдеттендирерин белгиледи. 

Индия башкаруусунан берилген билдирүүдө Модинин Путиндин саммитке катышпоо чечимин түшүнүү менен кабыл алгандыгы маалымдалды. 

Билдирүүдө эки лидердин "биргелешкен аймактык жана глобалдык маселелерди" талкуулашкандары айтылды.

Россия башкаруусунан берилген маалыматта болсо Путиндин Чоң жыйырмалыктардын  лидерлер саммитине катышпоо тууралуу себепке орун берилген жок. Билдирүүдө лидерлердин эки өлкө ортосундагы жакын кызматташтык тууралуу бирдей пикирде экендиги баса белгиленди.

Индиянын жетекчилигиндеги Чоң жыйырмалыктардын лидерлер саммити  9 - 10 - сентябрда болот.

Путин Эл аралык кылмыш сотунун согуштук кылмыштар боюнча териштирүүнүн натыйжасында чыгарган камоо чечиминин негизинде Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында  24 -  августта болгон  БРИКС саммитине да видеоконференция аркылуу  катышты.

 

 



Тектеш кабарлар