Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Санкт-Петербургда өттү

Пригожиндин фирмасы «Конкорд» тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, 23-августта Тверь аймагында жеке учактын кулашынын натыйжасында каза болгон Пригожиндин жаназасы тууралуу маалыматтар орун алды.

2030699
Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Санкт-Петербургда өттү

Орусияда Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты жабык түрдө Санкт-Петербургдагы мүрзөдө өткөрүлдү.

Пригожиндин фирмасы «Конкорд» тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, 23-августта Тверь аймагында жеке учактын кулашынын натыйжасында каза болгон Пригожиндин жаназасы тууралуу маалыматтар орун алды.

Пригожиндин сөөгүнүн Санкт-Петербургдагы мүрзөдө жерге берилгендиги кабарланган билдирүүдө: «(Пригожин) Евгений Викторович менен коштошуу жабык түрдө өттү. Аны менен коштошууну каалагандар Пороховское көрүстөнүнө бара алышат»,-деп айтылды.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүнкү билдирүүсүндө, Пригожиндин жаназа зыйнатына байланыштуу чечимдерди анын жакындары кабыл алганын жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин зыйнатка катышпай турганын маалымдаган.

Орусиянын федералдык аба транспорт агенттигинин 23-августтагы билдирүүсүндө, Тверде Пригожин да ичинде болгон жеке учактын кыйрашынан 10 кишинин каза тапканы кабарланган.

Путин учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.



Тектеш кабарлар