HRW: «2022-жыл палестиналык балдар үчүн акыркы 15 жылдын эң кандуу жылы»

Хьюман Райтс Уотч (HRW) уюму жарыялаган отчетунда «2022-жыл Батыш Шериадагы палестиналык балдар үчүн акыркы 15 жылдын эң кандуу жылы болду» деген сөздөр камтылган.

2030178
HRW: «2022-жыл палестиналык балдар үчүн акыркы 15 жылдын эң кандуу жылы»

2022-жылдын басып алынган Батыш Шериа аймагындагы палестиналык балдар үчүн «акыркы 15 жылдын эң кандуу жылы» болгону белгиленди.

Хьюман Райтс Уотч (HRW) уюму жарыялаган отчетунда «2022-жыл Батыш Шериадагы палестиналык балдар үчүн акыркы 15 жылдын эң кандуу жылы болду» деген сөздөр камтылган.

Израилдин палестиналык жарандарга карата көрсөткөн зордук-зомбулуктарынын быйыл да күчөгөнү белгиленген отчетто «(жашоо укугун бузуулар) 2023-жылы да ошол эле темп менен уланат же 2022-жылдан ашат»,-деп айтылган.

«Израилдин армиясы жана полициясы палестиналык балдарды эч кандай жоопкерчиликсиз өлтүрүп жатышат»,-деп жазылган отчотто Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериада палестиналык балдарга каршы жасаган кылмыштары баса белгиленди.

Отчетто Израиль күчтөрүнүн 2023-жылы Батыш Шериада «22-августка чейин 34 палестиналык баланы өлтүргөнүнүн» маалыматы да орун алган.

Израилге «Батыш Шериада аскерлер жана полициянын өзгөчө балдарга каршы өлтүргүч күч колдонуусун токтотууга» чакырган отчетто «зарыл учурлардан тышкары атайылап өлтүрүүгө тыюу салган көрсөтмөлөрдү берип, коопсуздук күчтөрү жана коомчулук менен бөлүшүү» талап кылды.

Израилдин палестиналык балдарга карата укуктарын бузууларын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына билдирүү менен, Палестинадагы Эл аралык кылмыш сотунун кеңсесинде иликтөөлөрдү, өзгөчө балдардын укуктарын бузууларды тездетүү жана «Израилдин олуттуу мыйзам бузууларына чекит коюу үчүн 2023-жылы Израилге 3 миллиард 800 миллион доллар аскерий жардам убада кылган АКШ сыяктуу өлкөлөр тарабынан шарттуу түрдө жардам берилиши керектиги»,сунушталды.

Басып алынган Батыш Шериа Израиль армиясынын рейддери жана жөөт отурукташкандардын кол салуулары жана бузуулары натыйжасында бир нече айдан бери олуттуу чыңалууга күбө болууда.



Тектеш кабарлар