Россиянын авиациялык - космостук күчтөрүнүн командири Суровикин кызматынан алынды

РИА Новости Россиянын өткөн жылы Украинадагы бөлүктөрүн да башкарган авиациялык  космотстук күчтөрүнүн командири Сергей Суровикиндин кызматтан алынгандыгын жарыялады.

2028252
Россиянын авиациялык  - космостук күчтөрүнүн командири Суровикин кызматынан алынды

Орус маалымат агенттиги РИА Новости Россиянын өткөн жылы Украинадагы бөлүктөрүн да башкарган авиациялык  космотстук күчтөрүнүн командири Сергей Суровикиндин кызматтан алынгандыгын жарыялады.

РИА Новостинин кабарында 2022 - жылдын октябрынан декабрь айына чейин Украинадагы орус аскерлерине командарлик кылган авиациялык  -  космостук күчтөрүнүн командири Сергей Суровикиндин абалы тууралуу маалымат берилди.

Кабарда Суровикиндин Россиянын авиациялык  -  космостук күчтөрүнүн командиригинен бошотулганы айтылып,  ордуна убактылуу Россиянын авиациялык  - космостук күчтөрүнүн башкы штабынын төрагасы Виктор Афзаловдун дайындалганы белгиленди.

Вагнердин 24 - июнда орус башкаруусуна чыккан көтөрүлүшүндө Суровикин бир видео жарыялап Вагнерди курал таштоого чакырган. Көтөрүлүштөн кийин орус басма сөзүндө чыккан айрым кабарларда Вагнерге карата курал таштоо чакырыгына карабастан Суровикин тууралуу тергөө ишинин баштатылгандыгы жана үй камагында экендиги билдирилди.

 



Тектеш кабарлар