ДССУдан Covid-19 варианттары боюнча билдирүү

ДССУнун басма сөз катчысы Маргарет Харрис, акыркы мезгилде жаңы варианттардан улам Ковид-19 учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу маалымат берди.

2027755
ДССУдан Covid-19 варианттары боюнча билдирүү

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) дүйнө жүзү боюнча коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрүнүн жаңы варианттары менен ооругандардын санынын көбөйүшүнө каршы өлкөнүн өкмөттөрүн “көбүрөөк тест”, жарандарды болсо “тынчтанууга” чакырды.

ДССУнун басма сөз катчысы Маргарет Харрис, акыркы мезгилде жаңы варианттардан улам Ковид-19 учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу маалымат берди.

Акыркы бир нече жумада дүйнө жүзү боюнча Ковид-19 учурларынын көбөйгөнүн эске салган Харрис: «Жуктурган учурлардын көбөйүшү менен бирге каза болгондордун санында өсүү болбошу жакшы жаңылык. Азырынча оор бейтаптарга толгон ооруканаларды көрө элекпиз, бирок жуктурган учурлардын көбөйүшүнө тынчсызданып жатабыз»,-деди.

Харрис Ковид-19дун BA.2.86 жана EG.5.1 (Eris) сыяктуу варианттарынын бул өсүүгө таасир экенин, ушул эки варианттын статусун "байкоого алуу керек болгон вариант" катары жаңырткандарын айтты.

BA.2.86 вариантынын 30 түрдүү мутацияга кабылганын баса белгилеген Харрис: «Бул тууралуу эскертүүлөрүбүздү көбөйтүп жатабыз, бирок бул жаңы вариант сөзсүз түрдө таасир эткени үчүн эмес. Биз чындап эле өлкөлөр аны карап чыгып көйгөй жаратып жатса бизге билдиришин каалайбыз. Өлкөлөрдүн Ковид-19 тесттерин көбүрөөк жасашын өтүнөбүз», - деди. Харрис ошондой эле Ковид-19 белгилери бар адамдарды коомдук жайларга кирбөөгө чакырды.

Вакциналардын жаңы варианттарга каршы таасирдүү эместигине байланыштуу дооматтар бар экенине көңүл бурган Харрис, мунун тактыгы тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эмес экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар