АКШда курал менен каза болгон балдардын санында өсүү
АКШда ок атуучу куралдан каза болгон балдардын көрсөткүчү 2021 - жылы рекорддук деңгээлге жеткендиги жана ок атуучу куралдардын балдардын өлүмүнүн башкы себеби болгондугу билдирилди.
Америка Кошмо Штаттарында ок атуучу куралдан каза болгон балдардын көрсөткүчү 2021 - жылы рекорддук деңгээлге жеткендиги жана ок атуучу куралдардын балдардын өлүмүнүн башкы себеби болгондугу билдирилди.
Бул тууралуу 2021 - жылдагы маалыматтарды иликтеген изилдөөгө караганда, ок атуучу куралдан каза болгон балдардын санында 2021 - жылы андан мурунку бир жалга салыштырмалуу 8,8 пайызга өскөн.
Сөз болуп жаткан мезгилде 4752 бала ок атуучу куралдан каза болгон.
Ошондой эле 2018 - жылдан 2021 - жылга чейин ок атуучу куралдан каза болгон балдардын көрсөткүчү 41,6%га өскөндүгү аныкталды.
2021 - жылы ок атуучу куралдан каза болгон балдардын 84,8 пайызынын эркек балдар экени маалымдалды.
Ок атуучу куралдардын балдардын өлүмүнүн негизги себеби болууну уланып жатканын баса белгилеген изилдөө тууралуу "Педиатрия" журналында жарыяланды.