Зеленский: "Швеция менен бирге бронетехника чыгарабыз"

Зеленский бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барган Швециянын баш калаасы Стокгольмдо Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен жолугушту.

2026774
Зеленский: "Швеция менен бирге бронетехника чыгарабыз"

Украинанын президенти Владимир Зеленский Швеция менен бирге CV90 брондолгон согуштук унааларды чыгара тургандарын айтты.

Зеленский бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барган Швециянын баш калаасы Стокгольмдо Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин экөө маалымат жыйынын өткөрүштү.

Зеленский Швеция менен түзгөн аскердик келишимине көңүл буруп: «CV90 бронетехникасын Швеция менен бирге чыгарабыз. Украинада өндүрүлө турган CV90 броне унааларын мүмкүн болушунча тез арада ишке киргизүү үчүн аракет кылабыз»,- деди.

Швециянын премьер-министри Кристерссон да Украинага ушул убакка чейин 2 миллион 200 миң евролук аскердик коргонуу жардамын жөнөткөндөрүн белгилеп, Украинага берилген аскердик колдоонун акыркы бөлүгү катары Леопард танктарын да жеткиргендерин айтты.

Кристерссон CV90 брондолгон согуштук унаасын Украинага бере тургандарын жарыялап, унаалардын Украинада өндүрүшү жана тейлөөсү боюнча келишимге кол койгондорун билдирди.



Тектеш кабарлар