Израиль түрмөлөрүндө палестиналыктар ачкачылык жарыялады

Палестиналык туткундардын басма сөз кызматынын директору Ахмед ел-Кудра темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

2026388
Израиль түрмөлөрүндө палестиналыктар ачкачылык жарыялады

Израиль түрмөлөрүндөгү 1000 палестиналык туткундун мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштаганы жарыяланды.

Палестиналык туткундардын басма сөз кызматынын директору Ахмед ел-Кудра темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Израилдеги бардык түрмөлөрдөн 1000 палестиналык туткундун жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дөн тарта мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштаганын белгилеген Кудра, бардык палестиналыктардын колдоо көрсөтүү үчүн мобилизацияланышы жана «көчөгө чыгышы» керектигин билдирди.

Кудра басып алынган Батыш Шериада жашаган палестиналыктардан  камактагыларга карата «ырайымсыз» кол салууга каршылык көрсөтүү үчүн бүгүн митингге чыгууну суранды.

Палестиналык туткундар менен иштеген укук коргоо уюмдарынын биргелешкен басма сөз билдирүүсүндө Израилдин түштүгүндөгү Негев түрмөсүнүн жетекчилигинин түрмөнүн 3- жана 4-бөлүмдөрүндө тинтүү жүргүзүп, камактагыларды башка жакка өткөргөндүгү белгиленген.

Билдирүүдө окуя боюнча түрмөдө ашыкча чыңалуунун  чыккандыгы айтылган.

Палестиналык туткундар ассоциациясынын маалыматы боюнча, Израилдин түрмөлөрүндө 5 миң палестиналык туткун бар, алардын 1200дөн ашыгы административдик камакта.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар