Доминиканадагы жарылуу: 25 киши каза болду

Жооптуу кызматкерлер жарылуудан кийин табылган сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөнүн белгилешти.

2025645
Доминиканадагы жарылуу: 25 киши каза болду

Доминикана Республикасынын Сан-Кристобал шаарындагы «Эски базар» деп аталган жердеги наабайканада мурунку күнү болгон жарылууда каза болгондордун саны 25ке жетти.

Жооптуу кызматкерлер жарылуудан кийин табылган сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөнүн белгилешти.

Каза болгондордун саны көбөйөт деп кооптонууда.

Сан-Кристобалдын губернатору Пура Касилья жардыруунун жумуш орундары көп топтолгон аймакта болгонун жана шаардын борборуна жакын ишканаларга катуу таасир тийгизгенин жарыялады.

 



Тектеш кабарлар