АКШда болгон жарылууда каза болгондордун саны алтыга жетти
Жарылууда 3 үй кыйрап, 5 адамдын каза болгондугу маалымдалган.
2025898
![АКШда болгон жарылууда каза болгондордун саны алтыга жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6c55/02de/4901/64dde11c51f64.jpg?time=1718785069)
Америка Кошмо Штаттарынын Пенсильвания штатында жекшемби күнү бир үйдө болгон жарылууда каза болгондордун саны алтыга жетти.
Плум аймагындагы жарылуунун себебин иликтеп жаткан жетекчилер 56 жаштагы Пол Оравиц менен 51 жаштагы жубайы Хизер Оравицке таандык үйүндөгү ысык суу резервуарында кээ бир көйгөйлөрдүн бар экендигин билдиришти.
Денеси катуу күйгөн Пол Оравицтин жарылуудан 4 күндөн кийин ооруканада каза болушунан кийин каза болгондордун саны алтыга жетти.
Жарылууда үч үй кыйрап, беш адамдын каза болгондугу маалымдалган.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718785070)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.