Индияда сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 67ге жетти

Өлкөнүн түндүгүндөгү Химачал-Прадеш штатында нөшөрлөгөн жамгыр жана шамал 4-күнү да  таасирин улантууда.

2025476
Индияда сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 67ге жетти

Индиянын түндүгүндө нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 67ге жетти.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Химачал-Прадеш штатында нөшөрлөгөн жамгыр жана шамал 4-күнү да  таасирин улантууда.

Химачал-Прадеш штатынын табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын жооптуу кызматкери Правен Бхардвадж штатта нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн 67 кишинин каза болуп, 15 кишиге жетүүгө мүмкүн болбогонун билдирди.

Гимачал - Прадештин премьер-министри Сухвиндер Сингх Суху Кангра аймагынын плотинадагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу жетүүгө мүмкүн болбогон жапыз аймактарда жашаган 800дөн ашуун адамдын эвакуацияланганын жана эвакуация иштери уланып жатканын белгиледи.

Ички иштер министри Амит Шах 14-августта билдиргендей, табигый кырсыкка каршы күрөшүү боюнча улуттук күчтөр (NDRF) штатта издөө жана куткаруу иштери үчүн иштей баштады.

Штаттын полициясы дарыянын жээгиндеги тургундарды сак болуу боюнча  эскерткен, анткени Бхакра дамбасында суунун көлөмү кескин көбөйгөн.

Химачал-Прадеш штатынын табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы да штаттын жүздөгөн жолдору кыймылга жабылганын жарыялады.



Тектеш кабарлар