Японияда "Лан" тайфуну

Япониянын борбордук жана батыш аймактарына таасирин тийгизген "Лан" тайфуну себеп болгон катуу жамгыр жана шамалдан улам жарадар болгондордун саны 49га жетти.

2025482
Японияда "Лан" тайфуну

Япониянын борбордук жана батыш аймактарына таасирин тийгизген "Лан" тайфуну себеп болгон катуу жамгыр жана шамалдан улам жарадар болгондордун саны 49га жетти.

«Лан» тайфуну Япониянын борборунда жана батышында катуу жамгыр жаадырып, аба ырайынын катаал шарттарынан улам аба жана темир жол каттамдарынын үзгүлтүккө учурашы уланууда.

Япониянын Өрт жана кырсыкты башкаруу агенттигинин билдирүүсүндө, Лан тайфунунан ушул убакка чейин 49 киши жараланды.

Өлкөнүн батышындагы Тоттори шаарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел каптоо жана эки көпүрөнүн кулашы натыйжасында аймакта көп сандаган кишинин ээн калганы билдирилди.

Япониянын Өрт жана кырсыкты башкаруу агенттигинин билдирүүсүндө, "Лан" тайфунунан ушул убакка чейин 49 киши жараланды.

Өлкөнүн батышындагы Тоттори шаарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел каптоо жана эки көпүрөнүн кулашынын натыйжасында аймакта көп сандаган кишинин аймактан чыга албай калганы билдирилди.

Ыңгайсыз аба 

Жаман аба шарттарынан улам Токио, Осака, Нагоя, Окаяма станцияларында ылдам поезд каттамдары токтотулду.

Central Japan Railway Co. (JR Tokai) жана Батыш Япония темир жолдору  (JR West) кечээ өлкөнүн батыш провинцияларында поезд каттамдарын токтотту.

«Лан» тайфунунан улам аба каттамдары үзгүлтүккө учурагандыктан кечээ 560тан ашуун каттам токтотулду.

 

 



Тектеш кабарлар