Ливиядагы кагылышуулар...

Бул тууралуу университеттин социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө, «Триполи университетинин ректораты шейшемби күнү билим берүү, экзамен жана административдик иштер боюнча окуусун токтотконун билдирет»,-деп айтылган.

2024703
Ливиядагы кагылышуулар...

Ливиянын Триполи университети борбор калаадагы кагылышуулардан улам билим берүү жана сынактар ​​боюнча окуусун токтотту.

Бул тууралуу университеттин социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө, «Триполи университетинин ректораты шейшемби күнү билим берүү, экзамен жана административдик иштер боюнча окуусун токтотконун билдирет»,-деп айтылган.

Бир тараптан Эл аралык Митика аэропортунун басма сөз катчысы Сулейман эл-Жухейми Ливия эл-Ахрар жеке телеканалына берген маалыматында, борбордогу чыңалуудан улам бир нече авиакомпаниянын учактарын Митика эл аралык аэропортунан коопсуздук максатында Мисрата аэропортуна көчүргөнүн айтты.

Дүйшөмбү күнү кечинде Улуттук Биримдик өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкери Ливиянын Президенттик Кеңешинин төрагалыгына караштуу Кылмыш жана террорчулук менен күрөшүү бөлүмү «Рада» менен Улуттук Биримдик Өкмөтүнө караштуу «444 бригаданын» ортосунда баш калаанын айрым жерлеринде кагылышуулар болгонун айтты.

Расмий өкүл борбордун түштүгүндөгү Айн Зара районунун жанында кагылышуулар уланып жатканын билдирген.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, эки куралдуу топко таандык аскердик унаалар борбор калаанын Салахаддин, Айн Зара жана Тарик эл-Шат райондоруна жайгаштырылган.

Кагылышууда жабыркагандар болгон-болбогону тууралуу маалымат жок.

Улуттук Биримдик өкмөтү жана Президенттик Кеңеши азырынча кагылышуунун себеби боюнча билдирүү жасай элек.

Ливиянын борбору Триполиде 28-майда аталган коопсуздук топторунун бир кызматкеринин кармалышынын натыйжасында тараптардын ортосунда кыска кагылышуу болгон.



Тектеш кабарлар