ДССУдан Erisке каршы эскертүү
АКШда, Европада жана Азияда Ковид-19 инфекциясы жана ооруканага жаткырылгандар көбөйүүдө.
2024794
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) Eris суб-вариантынан улам өлкөлөрдү жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чара көрүүлөрүн токтотпоону эскертти.
АКШда, Европада жана Азияда Ковид-19 инфекциясы жана ооруканага жаткырылгандар көбөйүүдө.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлери биринчи жолу 2021-жылдын ноябрында пайда болгон Omicron вариантынын EG.5 "Eris" суб-вариантына көңүл бурушууда.
ДССУ EG.5тин башка варианттарга караганда тыкыр көзөмөлгө алынышы керектигин, анткени ал жугуштуу же оор болушу мүмкүн экенин билдирди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму өлкөлөрдү жаңы варианттан улам Ковид-19 чараларын алып салбоону эскертти.
Omicron менен дээрлик бирдей белгилери бар жаңы суб-вариант Eris ушул убакка чейин 51 өлкөдө аныкталды.