Бангладеште сары безгек орусунан 416 адам каза болду

Бангладеште былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу июль айында сары безгек оорусу 8 эсе көп катталган.

2024830
Бангладеште сары безгек орусунан 416 адам каза болду

Бангладеште акыркы 24 саатта 18 киши сары безгек оорусунан каза болду. Ушундайча өлкөдө бул оорудана каза болгондордун саны 416га жетти.

Саламаттыкты сактоо кызматтарынын башкы директорлугунун (DHGS) билдирүүсүнө караганда, өлкөдө январь айынан бери өлкөдө сары безгек оорусуна кабылгандардын саны 43 миң 665 Даккада болуу менен  жалпы 87 миң 891ге жетти.

Бангладеште былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу июль айында сары безгек оорусу 8 эсе көп катталган.

Саламаттыкты сактоо кызматтарынын башкы директорлугу кечээ өлкөдө бул оорудан улам бир күндө эле 2905 кишинин ооруканага жаткырылганын жана мунун "бир күндө ооруканага жаткырылгандардын санында рекорд" болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар