«Луна-25» космостук кемесиндеги аппараттар иштей баштады

Орусиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) билдирүүсүндө, өлкөнүн 1976-жылдан бери Айга жөнөткөн биринчи космостук кемеси Луна-25тин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар орун алды.

2024067
«Луна-25» космостук кемесиндеги аппараттар иштей баштады

Орусиянын суу булагын издөө үчүн Айга жөнөткөн «Луна-25» космостук кемесиндеги илимий аппараттар ишке киришип, алгачкы маалыматтардын чогултула баштаганы кабарланды.

Орусиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) билдирүүсүндө, өлкөнүн 1976-жылдан бери Айга жөнөткөн биринчи космостук кемеси «Луна-25тин» ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар орун алды.

«Луна-25тин» Жердин табигый спутниги Айга учуусунун улангандыгы белгиленген билдирүүдө: «Космостук кемедеги бардык системалардын нормалдуу иштеп жаткандыгы айтылды.

Билдирүүдө космостук кемедеги илимий аппараттардын ишке киришкени, алынган биринчи маалыматтардын да чогултула баштаганы кабарланды.

«Луна-25» 11-августта Москвадан 5 миң 500 километр чыгышта жайгашкан «Восточный» космодромунан «Союз 2.1б» ракетасы менен учурулган.

Айда 1 жылга жакын изилдөө жүргүзө турган «Луна-25» суу издөө иштеринен тышкары космостук нурлардын жана Айдын бетиндеги электромагниттик эмиссиялардын таасирин иликтейт.



Тектеш кабарлар