Кытай алыстан зонддоочу кеме байкоочу спутниктерин учурду

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, HEAD-3 A, B, C, D жана E спутниктери Сычуань провинциясындагы Сичан спутник борборунан Куайкоу-1А ракетасы менен учурулган.

2024446
Кытай алыстан зонддоочу кеме байкоочу спутниктерин учурду

Кытай космоско кемелердин навигациялык байкоосу үчүн колдонулган алыстан зонддоочу «HEAD-3» спутниктерин жиберди.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, HEAD-3 A, B, C, D жана E спутниктери Сычуань провинциясындагы Сичан спутник борборунан Куайкоу-1А ракетасы менен учурулган.

Спутниктер пландалган орбиталык позицияга конушту.

Учуруу Куайкоу-1А ракетасы менен 28- ийгиликтүү транспорттук миссиясы болду.

Штаб-квартирасы Пекинде жайгашкан HEAD Aerospace тарабынан иштелип чыккан жана Шанхай космостук учуу технологиялык академиясы (SAST) тарабынан чыгарылган HEAD спутниктери кемелердин автоматтык идентификациялык сигналдарын (AIS) аныктап, жайгашкан жери жана навигациялык көз салуу маалыматын бере алат.

Микро-өлчөмдүү спутниктер 48 бөлүктөн турган «Skywalker» аттуу спутник желесинин бир бөлүгүн түзүүсү пландалууда.



Тектеш кабарлар