Иранда күмбөзгө кол салуу болду

Билдирүүдө эки кол салуучунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.30 чамасында күмбөздүн кире беришинде жарандарга туш келди ок чыгарганы, кол салгандардын биринин кармалып, экинчисинин качып кеткени белгиленди.

2023982
Иранда күмбөзгө кол салуу болду

Ирандын Шираз шаарындагы Шах Чераг күмбөзүнө куралдуу кол салууда 4 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

Фарс губернаторлугунун билдирүүсүндө, кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.30 чамасында эки кол салуучунун күмбөздүн кире беришиндеги жарандарга туш келди ок чыгарганы, алардын бири кармалып, экинчисинин качып кеткени белгиленди.

Кол салуудан кийин күмбөздүн сырткы кире бериштери жабылып, айланасында катуу коопсуздук чаралары көрүлдү.

2022-жылдын 26-октябрында Шах-Чераг күмбөзүнө 3 террорист тарабынан жасалган куралдуу кол салууда 13 киши каза болгон.

Террордук уюм ДЕАШ социалдык медиадан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кол салуунун жоопкерчилигин алганын айткан.

Кол салууга шектүүлөрдөн экөө 8-июлда өлүм жазасына тартылган.



Тектеш кабарлар