Зеленский: "Орусияга каршы чабуул жай жүрүп жатат"

Зеленский Латын Американын басма сөз кызматтарына берген маегинде, актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

2022379
Зеленский: "Орусияга каршы чабуул жай жүрүп жатат"

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн Орусияга каршы контрчабуулунун “кыйын” жана “жай” жүрүп жатканын билдирди.

Зеленский Латын Американын басма сөз кызматтарына берген маегинде, актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

Украин армиясынын орус аскер күчтөрүнө каршы контрчабуулга өткөнүнө көңүл бурган Зеленский: «Чабуул кыйын жана балким, кимдир бирөө каалагандан жайыраак болууда»,-деди.

Колдорундагы куралдардын жетишсиз экенин, ошондуктан согушуу «өтө кыйын» экенин белгилеген Зеленский, Орусиянын Украина аймагынан чыгышы керектигин баса белгиледи.

Зеленский: «Украина согушту Орусиянын жеринде улантууну пландабайт. Бизде мындай максат эч качан болгон эмес. Өз жерлерибизди баскынчылардан куткарабыз»,-деп айтты.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.



Тектеш кабарлар