ПКК/ЙПГ Сирияда дагы 3 баланы уурдап кетти
Оппозициялык күрттөрдүн «Көз карандысыз күрт Рабита» тобунун басма сөз катчысы Редор аль-Ахмед 14 жаштардагы М.А.Х жана А.Ф бүгүн Манбиж районунан террористтер тарабынан барымтага алынганын билдирди.
Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ, Сириянын Халеб провинциясында басып алган Манбиж жана Шейх Максуд конушунан дагы 3 баланы куралдуу курамына кошуу үчүн уурдап кетти.
Оппозициялык күрттөрдүн «Көз карандысыз күрт Рабита» тобунун басма сөз катчысы Редор аль-Ахмед 14 жаштардагы М.А.Х жана А.Ф бүгүн Манбиж районунан террористтер тарабынан барымтага алынганын билдирди.
Ахмед, террористтер 7-июль күнү шейх Максуддан 15 жаштагы З.С.ны барымтага алып, куралдуу топторуна кошкону тууралуу маалыматты бөлүштү.
Басма сөз катчы жикчил террордук уюм уурдалган балдардын үй-бүлөлөрү менен байланышуусуна тоскоол болгонун белгиледи.
ПКК/ЙПГ барымтага алган же кармап алган жаштар менен балдарды куралдуу машыгуу үчүн лагерлерге алып барат.
ПКК/ЙПГ террористтери июль айында Хасеке шаарынын борборунан 6 баланы, Камышлы районунан 7 баланы, Манбижден 4 баланы жана Шейх Максуд районунан 1 баланы июлда барымтага алышкан.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2022-жылдын январь-декабрь айларына карата «Жылдык куралдуу кагылышууларда балдар» отчетунда террордук уюм ПКК жана анын Сириядагы уландысы SDG жана ЙПГнын 2022-жылы 1200дөн ашуун баланы аскер катары колдонгонун жарыялады.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш отчетко берген баалоосунда : «Балдарды HPG/ПККнын аскер катары колдонуусуна абдан тынчсызданып жатам. Аларды балдарды аскер катары жана башка максаттарда колдонууну токтотууга жана бардык балдарды бошотууга чакырам»,-деп айткан.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.