Орусия Украинадагы аскердик кыймылдары тууралуу маалымат берди

Конашенков орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

2021920
Орусия Украинадагы аскердик кыймылдары тууралуу маалымат берди

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орусиялык аскер бөлүктөрү Украинанын Харьков облусундагы Купянск багытында пайдалуу позицияларды басып алганын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Орус куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарын улантып жатканын белгилеген Конашенков: «Купянск багытында «Батыш» аскерлер тобунун чабуул коюучу отряддары кеңири фронтто чабуул коюу операцияларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Харьков областындагы Ольшана посёлогунун жанында алда канча пайдалуу позицияларды ээлешти»,-деди.

Конашенковдун айтымында, ушул убакка чейин Украинага таандык 458 учак, 245 тик учак, 5 миң 565 учкучсуз учуучу аппарат, 428 абадан коргонуу ракеталык системасы, 11 миң 185 танк жана бронетехника, 1144 көп стволдуу ракета аткычтар, 5 миң 803 гаубицалар жана миномёттор, 12 миң 137 украин атайын аскердик унааны жок кылганын айтты.



Тектеш кабарлар