Путин дрондордун өндүрүшүн көбөйтүүнү талап кылды

Путин борбор шаар Москвада Орусиянын мамлекеттик коргоо өнөр жай фирмасы Ростектин жетекчиси Сергей Чемезов менен жолугушту.

2021330
Путин дрондордун өндүрүшүн көбөйтүүнү талап кылды

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык учкучсуз учуучу аппараттардын өндүрүшүн көбөйтүүгө чакырды.

Путин борбор шаар Москвада Орусиянын мамлекеттик коргоо өнөр жай фирмасы Ростектин жетекчиси Сергей Чемезов менен жолугушту.

Батыштык учак фирмаларынын Орусиядан кетиши менен орус учак өндүрүүчүлөрү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк пайда болгонун баса белгилеген Путин:«Биздин өндүрүүчүлөр үчүн бул бош рынокту толтурууга реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Чет элдик өндүрүүчүлөр (россиялык рынокко) кайтып келүүнү каалашат, алар кайтып келгенге чейин муну жөнгө салуу керек»,-деп айтты.

Путин орус учкучсуз учуучу аппараттарынын өндүрүшүн да көбөйүшү керектигин айтты.

«(Украинадагы согушта) Куб жана Лансет абдан эффективдүү. Алар кандайдыр бир техниканы, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштү өрттөп гана койбостон, ок-дарылардын бөлүктөрүн жардырышат. Өндүрүүчүлөр өндүрүштү көбөйтүүгө убада беришти. Алар муну менен күрөшүп жатышат, бирок андан да көп нерсе керек»,-деп айтты.

Чемезов Орусиянын өнөр жай тармагындагы өнүгүүлөрдү да айтып, аскердик тик учак жана учак өндүрүшүн 2022-жылы эки эсеге көбөйтүшкөнүн айтты.

Украинада колдонулган аскердик өнүмдөрдүн 90 пайызынын орус өндүрүшү экенине көңүл бурган Чемезов, Т-90 танктары, Искандер, Кинжал ракеталары, Ка-52, Ми-28, Су-57, Су-35 учактары жана Куб, Лансет сыяктуу учкучсуз учуучу аппараттар орун алганын белгиледи.



Тектеш кабарлар