Пакистанда поезд рельстен чыгып кетип, 28 адам каза болду

Пакистандын темир жол министри Хаважа Саад Рафик, Карачиден Равалпиндиге бара жаткан Хазара экспресс поездинин Навабшахтын жанында рельстен чыгып кеткенин билдирди.

2020808
Пакистанда поезд рельстен чыгып кетип, 28 адам каза болду

Пакистандын Навабшах шаарына жакын жерде жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин рельстен чыгып кетишинен кеминде 28 киши каза болуп, 50 адам жаракат алды.

Пакистандын темир жол министри Хаважа Саад Рафик, Карачиден Равалпиндиге бара жаткан Хазара экспресс поездинин Навабшахтын жанында рельстен чыгып кеткенин билдирди.

Кырсыкта 28 кишинин каза болгонун, 50 кишинин жаракат алганын белгилеген Рафик, кырсыктын «техникалык бузулуу» же «саботаж» натыйжасында болушу мүмкүн экенин айтты.

Кырсык учурунда поездде канча адам болгону тууралуу маалымат бөлүшүлгөн жок, жергиликтүү басма сөз вагондордо дагы деле көп адамдардын чыга албай калышы жана каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенин кабарлады.

2021-жылдын июнь айында Пакистанда эки поезд кагышып, 63 жүргүнчү каза болгон.



Тектеш кабарлар