Орусиянын Украинанын Кривой Рог шаарына ракеталык кол салуусунда каза болгондордун саны көбөйдү
Орус ракетасы тийген жерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеген Зеленский, кол салууда бири бала болгон 5 кишинин каза болгонун, ондогон кишинин жараланганын айтты.
Орусиянын Украинанын Кривой Рог шаарына ракеталык кол салуусунда каза болгондордун саны 5ке, жаралангандардын саны 73кө жетти.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ эртең менен Орусиянын Кривой Рогго карай кол салууларына байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.
Орус ракетасы тийген жерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеген Зеленский, кол салууда бири бала болгон 5 кишинин каза болгонун, ондогон кишинин жараланганын айтты.
Кривой Рогдун Коргоо кеңешинин төрагасы Александр Вилкул да социалдык медиадагы бөлүшүүсүндө кол салууда жаралангандардын саны 73кө жеткенин, алардын 8инин жаш балдар экенин белгиледи.
Зеленский кечээ эртең менен жасаган билдирүүсүндө орус армиясы Кривой Рог жана Херсон шаарларындагы батирлерге жана университеттин имаратына сокку урганын, каза болгондор жана жарадар болгондор бар экенин билдирген.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко социалдык тармактагы баракчасына кол салууда бир кишинин каза болгонун, 10 кишинин жараланганын билдирген болчу.