Суданда HDKнын кол салуусунан 5 жаран каза тапты

Армиядан жасалган билдирүүдө, кечээ борбор калаанын түштүгүндөгү Зооттолгон бөлүктөрдүн штабына жакын жайгашкан Румейле районуна HDK мүчөлөрүнүн замбирек менен атканы белгиленди.

2017822
Суданда HDKнын  кол салуусунан 5 жаран каза тапты

Судан армиясы борбор шаар Хартумдун түштүгүндө жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) артиллериялык кол салуусунда 4ү бала болгон 5 кишинин каза болгонун билдирди.

Армиядан жасалган билдирүүдө, кечээ борбор калаанын түштүгүндөгү Зооттолгон бөлүктөрдүн штабына жакын жайгашкан Румейле районуна HDK мүчөлөрүнүн замбирек менен атканы белгиленди.

Билдирүүдө кол салууда бир үй-бүлөдөн 4ү бала болгон 5 кишинин каза болгону, 1 кишинин оор жаракат алганы белгиленди.

HDKнын жарандарга карата мыйзам бузууларына көңүл бурулган билдирүүдө жарандарды үйлөрүнөн күч менен чыгаруу аракетин улантканы белгиленди.

Судан армиясы бир кезде колдогон, бирок көз карандысыз жана параллелдүү армия катары аракет кылганы үчүн коркунуч катары көргөн бейөкмөт уюмдун 2 жылдын ичинде армияга толук кошулушун каалады.

HDKнын жарандык өкмөттөн кийин болжол менен 10 жылга созулган бир мезгилде муну кабыл ала аларын жарыялоосу менен башталган чыңалуу 15-апрель күнү эртең менен тараптардын ортосунда борбор шаары Хартум жана түрдүү шаарларда куралдуу кагылышууга айланган.

Кагылышууда 3000ден ашуун адам каза болуп, он миңдеген адамдар жарадар болгон.



Тектеш кабарлар