Орусия: "Украинанын кол салуу аракетине бөгөт коюлду"

Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат берди.

2017200
Орусия: "Украинанын кол салуу аракетине бөгөт коюлду"

Орусиянын Коргоо министрлиги, Москва аймагына Украинанын учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу аракетине бөгөт коюлганын кабарлады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бүгүн эртең менен Киев режиминин Москва облусундагы объектилерге учкучсуз аппарат менен террордук кол салуу жасоо аракетине бөгөт коюлду»,- деп айтылды.

Билдирүүдө, учкучсуз учуучу аппараттын орус абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганы, бөгөттөлгөн чабуулдун натыйжасында адам өмүрүнө зыян келтирилбегени белгиленди.



Тектеш кабарлар