Израилде 830 аскер кызматын таштады

Израилдин коомдук телерадио мекемесинин (KAN) кабарында Израилдин аба күчтөрүнөн 260тан ашуун учкуч менен кошо 830дай аскердин кызматтан кеткени жарыяланды.

2016671
Израилде 830 аскер кызматын таштады

Израилде 830 аскер кызматкери өлкө боюнча массалык нааразылык акцияларына жана кызуу коомдук талкууларга алып келген сот реформасына каршылык көрсөтүп кызматтан кетүүнү чечти.

Израилдин коомдук телерадио мекемесинин (KAN) кабарында, Израилдин Аба күчтөрүнөн 260тан ашуун учкуч менен кошо 830дай аскердин кызматын таштаганы жарыяланды.

Израиль армиясынын радиосунда атын атабаган армиянын өкүлү, аскерлердин кызмат кылуудан баш тартуусунун «армиянын эффективдүүлүгүнө коркунуч туудурарын айтты.

Израилдин башкы штабынын башчысы Герци Халеви өкмөттүн талаштуу сот реформасына каршылык көрсөтүү үчүн ыктыярдуу запастагы аскер кызматынан кеткен аскерлерге кайрылган кечээки ачык катында: «Эгерде бизде күчтүү жана бүтүндөй армия болбосо, эң жакшы вариант армияда кызмат кылбоо болсо, бул аймакта өлкө катары жашай албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар