Пакистан менен Азербайжан суюлтулган жаратылыш газ боюнча келишим түзүштү

Пакистан радиосунун кабарына караганда, Лахордо «Пакистан LNG Limited» менен азербайжандык SOCAR компаниясынын ортосунда ийкемдүү шарттар боюнча пландык келишимге кол коюлду.

2015684
Пакистан менен Азербайжан суюлтулган жаратылыш газ боюнча келишим түзүштү

Пакистан Азербайжан менен суюлтулган жаратылыш газын (LNG) жеткирүү боюнча «ийкемдүү шарттар» боюнча келишимге кол койду.

Пакистан радиосунун кабарына караганда, Лахордо «Пакистан LNG Limited» менен азербайжандык SOCAR компаниясынын ортосунда ийкемдүү шарттар боюнча пландык келишимге кол коюлду.

Кол коюу аземине катышкан премьер-министр Шахбаз Шариф келишимдин 1 жылга жарактуу экенин, бирок 1 жылга дагы узартылышы мүмкүн экенин белгилеп, Азербайжан ай сайын бирден LNG жүк сунуштай турганын, кабыл алуу же кабыл албоо Пакистанга байланыштуу экенин айтты.

Шариф Азербайжандын президенти Илхам Алиевди келишимдеги ролу үчүн мактады.

Пакистандын Азербайжан аба жолдорунун Исламабад, Карачи жана Лахорго учуу уруксатын бекиткенин белгилеген Шариф мунун эки өлкөнүн ортосундагы инвестиция жана туризмдин өнүгүшү үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.

Мунайдын баасы дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлгөндөн кийин Пакистан чийки мунай импортунун булактарын диверсификациялоо аракетин баштады.

Пакистан Орусиядан импорттогон 100 миң тонна чийки мунайдын 45 миң тоннасын ташыган биринчи кеме 11-июнда Карачиге жетти.

15-июнда Пакистандын Министрлер кеңеши Азербайжандан арзандатылган баада LNG сатып алуу боюнча келишимди жактырган.



Тектеш кабарлар