Олмерттен Израиль үчүн жарандык согуш эскертүүсү

Олмерт британ медиасына премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү кабыл алган талаштуу сот тартибине байланыштуу баа берди.

2015937
Олмерттен Израиль үчүн жарандык согуш эскертүүсү

Израилдин мурунку президенттеринин бири Эхуд Ольмерт өлкө боюнча массалык нааразылык акцияларына себеп болгон сот тартибин парламент бекиткенден кийин «Биз жарандык согушка баратабыз»,-деди.

Олмерт британ медиасына премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү кабыл алган талаштуу сот тартибине байланыштуу баа берди.

Израилде Жогорку Соттун аткаруу бийлигин көзөмөлдөөсүн жокко чыгарган мыйзамга каршы январдан бери уланып жаткан нааразылык акцияларын колдоосу менен белгилүү болгон Олмерт, «Бул мурда болуп көрбөгөндөй олуттуу коркунуч. Биз жарандык согушка бара жатабыз»,-деди.

Өлкөдөгү стабилдүүлүккө жана өкмөттүн башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан «жарандык баш ийбөөчүлүк» деген сөздү колдонгон Олмерт: «Өкмөт Израилдин демократиясынын негизине коркунуч туудурууну чечти жана бул биз кабыл албай да, чыдай да албай турган нерсе»,-деп айтты.

Бир тараптан Израилдин дарыгерлери Жогорку соттун аткаруу бийлигин көзөмөлдөөсүн чектеген мыйзам долбоорунун парламенттин жактыруусуна жооп катары бир күндүк иш таштоо башташты.

Саясий жана коомдук оппозициянын бардык реакцияларына карабай, талаштуу соттук жөнгө салуунун алкагында өкмөттү Жогорку Соттун көзөмөлүнөн алып сала турган мыйзам долбоору кечээ парламентте кабыл алынды.

Израилде саясат, армия, коопсуздук, экономика жана сот тармагында жогорку кызматтарды ээлеген ысымдар өкмөттүн сот тартибине каршы экендиктерин жарыялашты.

Израилде Нетаньяху өкмөтүнүн сот тартибине каршы нааразылык акциялары 7 айдан бери уланууда.



Тектеш кабарлар