Гутерриш Орусиянын Одессага чабуулун айыптайт

Бул тууралуу БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик кечээги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтты.

2015232
Гутерриш Орусиянын Одессага чабуулун айыптайт

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын Одессага кол салышын кескин айыптады.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик кечээги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Башкы катчы Орусиянын Одессага бүгүн болгон, анын натыйжасында карапайым тургундар каза болуп, ЮНЕСКО тарабынан коргоого алынган «Параметраждык собор» жана дүйнөлүк мурастар тармагындагы Одесса тарыхый борборундагы башка имараттарды зыянга учураткан ракеталык чабуулун кескин айыптайт»,-деп айтылды.

Кол салуунун маданий байлыктарды коргоо боюнча 1954-жылкы Гаага конвенциясынын бузулушу экенин белгилеген Дужаррик, Гутерриштин «согуштун Украинанын маданияты жана мурасы үчүн барган сайын коркунуч жаратып жатканынан» тынчсызданганын билдирди.

Украинада 2022-жылдын 24-февралынан бери 116сы диний жай болгон 270 маданий жайдын зыянга учураганын белгилеген Дужаррик: «Башкы катчы Орусияны кеңири жактырылган эл аралык ченемдик каражаттар менен корголгон маданий баалуулуктарга чабуулун токтоосуз токтотууга үндөйт. Башкы катчы ошондой эле жарандарга жана жарандык инфраструктурага бардык чабуулдарды токтоосуз токтотууга чакырууну улантууда»,-деди.

Украина кечээ Орусиянын Одессага кол салуусунан бир киши каза болуп, 18и жарадар болгонун кабарлады.

Орусия болсо Одесса шаарына жакын жердеги капитансыз сууда жүрүүчү унааларын чыгаруучу жайларга жана бул унаалар менен террордук кыймылдарга даярдык көрүлүп жаткан жерлерге жогорку тактыктагы ракеталар менен аткыланганын жарыялады.



Тектеш кабарлар