Израилде 10 миң запастагы аскер армиядагы милдеттерин таштайт

Бул тууралуу Израилдин басма сөзүндө кабарлар орун алды.

2014895
Израилде 10 миң запастагы аскер армиядагы милдеттерин таштайт

Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн сот бийлигинин ыйгарым укуктарын чектеген мыйзамдарына каршы 10 миң ыктыярдуу запастагы аскерлер армиядагы милдеттерин таштай турганы жарыяланды.

Израилдин басма сөзүндө орун алган кабарга караганда талаштуу сот тартибине каршы чыккан запастагылар тарабынан түзүлгөн «Куралдаш жолдоштор» тобунун билдирүүсүндө өкмөттүн сот тартибине каршы запастагы 10 миң аскердин өз ыктыяры менен аскердик кызматын таштай турганы белгиленди.

Башкы штабдын төрагасы Херзи Халеви, армиянын курамындагы запастагы аскерлердин кызматтан кетүүсүн талкуулоо үчүн премьер-министр Нетаньяху менен жолугушууну суранды.



Тектеш кабарлар