Путин Батыштын Украинанын каршы кол салуунун жыйыныктарына нааразы экендигин айтты

Путин Украинада уланып жаткан согуш тууралуу Россиянын Коопсуздук Кеңеши менен онлайн жыйын өткөрдү.

2014543
Путин Батыштын Украинанын каршы кол салуунун жыйыныктарына нааразы экендигин айтты

Россиянын президенти Владимир Путин  Батыштын, украиналык  жетекчилердин жогорку үн менен жарыялаган каршы кол салуунун жыйыныктарына нааразы экендигин айтты.

Путин Украинада уланып жаткан согуш тууралуу Россиянын Коопсуздук Кеңеши менен онлайн жыйын өткөрдү.

Украинага карата курал өткөрүүнүн улантылышы мүмкүн экендигин бирок мунун кагылышууларды гана узарта тургандыгын белгилеген Путин : «Айрым НАТО өлкөлөрүндөгү эски советтик ок  - дары жана курал запастары чоң өлчөмдө бүттү. Батыштагы өндүрүш көлөмү да каражаттарды жана ок  - дары запастарын ылдам жаңылоосуна жетпейт»,- деди.

Батыштык өлкөлөрдүн Украинанын каршы кол салуусуна нааразы экендигин айткан Путин : «Киев режиминин батыштык кураторлорунун украиналык жетекчилердин жогорку үн менен жарыялаган каршы кол салуусунун жыйынтыктарына нааразы экендиги ачык. Киевге жиберилген чоң булактар да батыштык куралдар да жардам бербейт»,- деди.

Путин Украинанын жасаган «жан кечтилик кол салууларынан» улам он миңдеген аскерин жоготкондугун айтты.

Польшанын Украинага аскердик бөлүктөрдү жиберүү тууралуу отчетторун көргөндүгүн айткан Путин : «Польшалык лидерлерге келе турган болсок, НАТОнун чатыры астында бир коалиция түзүүнү жана андан кийин өздөрү үчүн чоң бир бөлүктү бөлүп алууну пландап жатышат. Ишеничтерине караганда  тарыхый жерлерин тактап айтканда бүгүнкү Батыш Украинаны кайра алуу үчүн Украинадагы кагылышууга түздөн түз кийлигишүүнү күтүп жатышат. Беларусь жерлери үчүн да кыялданып жаткандары белгилүү»,- деди.

Путин Беларустун Россия үчүн союздаш экендигин баса белгилеп : «Беларуска каршы агрессия Россияга каршы агрессия деген мааниге келет»,- деди.



Тектеш кабарлар