Грециянын ар кайсы аймактарында токойлор өрттөнүүдө...

Грек басма сөзүндө орун алган кабарга караганда кечээ башталган токой өртүн өрт өчүрүүчүлөр өчүрүүгө аракет кылып жатканда, көп сандаган киши коопсуз аймактарга жеткирилди.

2012804
Грециянын ар кайсы аймактарында токойлор өрттөнүүдө...

Грецияда ысыктан жана катуу шамалдан улам ар кайсы аймактарда токой өрттөрү уланууда.

Грек басма сөзүндө орун алган кабарга караганда кечээ башталган токой өртүн өрт өчүрүүчүлөр өчүрүүгө аракет кылып жатканда, көп сандаган киши коопсуз аймактарга жеткирилди.

Жалын конуштарга жайылып көп сандаган үй күлгө айланган Лутраки, Анависос жана Саронида аймактарында мал сарайлардагы аттар жүк ташуучу унаалар менен коопсуз аймактарга жеткирилди.

Афинадан 40 километрдей алыстыкта ​​жайгашкан Дервенохория аймагында өрткө каршы күрөшүү түнү бою уланды.

Расмийлер өрт аймакта үстөмдүк кылган катуу шамалдан улам тынымсыз жайылып жатканын билдиришти.

Миңдеген гектар токойлор күлгө айланган Дервенохорияда өрттүн ушул убакка чейин калктуу конуштарга коркунуч туудурбаганы белгиленди.

Грециянын метеорология кызматы өрт коркунучунун бүгүн дагы жогору экенин эскертти.

Климат кризиси жана жарандык коргоо министри Василис Кикиляс, кечээ 81 башка жерде токой өрттөрү чыкканын билдирди.

Кикиляс өрткө байланыштуу эки кишинин кармалганын жарыялады.



Тектеш кабарлар