АКШда сел каптап 3 киши каза болду
Америкалык басма сөздө орун алган кабарга караганда, Пенсильванияда катуу жааган жамгыр селге себеп болду.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Пенсильвания штатында нөшөрлөгөн жамгырдын натыйжасында пайда болгон селде 3 киши каза болсо, 9 айлык ымыркай да болгон 4 киши дайынсыз жоголду.
Америкалык басма сөздө орун алган кабарга караганда, Пенсильванияда катуу жааган жамгыр селге себеп болду.
Кээ бир унаалар сүйрөлгөн селден 3 адам каза болуп, 9 айлык ымыркай менен кошо 4 адам дайынсыз жоголду.
Полиция калкты издөө-куткаруу иштери жүрүп жаткан аймактан алыс болууга чакырды.
Бир тараптан Нью-Йоркто нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүздөгөн каттамдардын кечигип же жокко чыгарылганы билдирилди.
Улуттук аба ырайы кызматы (NWS) Коннектикут, Батыш Массачусетс, Вермонт жана Нью-Гэмпшир үчүн суу ташкыны жана Массачусетс менен Нью-Гэмпшир чек арасында торнадо коркунучу тууралуу эскертүү берди.