Владимир Путин Украинанын НАТОго мүчөлүгү бул өлкөнүн коопсуздугун арттырбай тургандыгын айтты

Путин жаңы курал-жарактарды жеткирүү Украина үчүн кырдаалды курчутуп, кагылышууну  ого бетер курчутаарын  баса белгиледи.

2011088
Владимир Путин Украинанын НАТОго мүчөлүгү бул өлкөнүн коопсуздугун арттырбай тургандыгын айтты

Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын НАТОго мүчөлүгү  өлкөнүн коопсуздугун арттырбай турганын айтты.

Путин Россиянын мамлекеттик каналы Россия 24кө берген маалыматында, Украинага жеткирилген алыс аралыкка учуучу ракеталардын зыян келтиргенин, бирок кагылышуу аймагында орчундуу өзгөрүү жаратпагандыгын баса белгилеп : «Ошол эле нерсе  чет элдик танктар жана жөө аскерлердин согуштук унааларына да тиешелүү.  4-июлдан бери  311 танкты жок кылдык, булардын негизги бир  бөлүгү  жок дегенде үчтөн бири,  Leopard танктары да батышта жасалган",- деди.  

Путин жаңы курал-жарактарды жеткирүү Украина үчүн кырдаалды курчутуп, кагылышууну  ого бетер курчутаарын  баса белгиледи.

Украинанын ыктымалдуу НАТОго мүчөлүгүнүн Россиянын  коопсуздугуна коркунуч жаратарын баса белгилеген Путин : "Бул (НАТОго кошулуу) Украинанын коопсуздугун арттырбайт жана жалпысынан дүйнөнү коргоосуз абалга алып келип,  эл аралык аренада кошумча чыңалууну жаратат",- деди. 

Путин Украинанын өз коопсуздугун бекемдөө укугуна ээ экендигин белгилеп : "Бир гана чектөө бар. Бир өлкөнүн коопсуздугун түзүп жатып, башка бир өлкөнүн коопсуздугун коркунучка салбоо керек",- деди. 

Украина данынын экспорту үчүн кол коюлган дан келишиминдеги шарттардын аткарылбаганына көңүл бурган Путин : «Эгерде баары бизге берилген убадалардын  аткарыларын кайталап жаткан болсо анда  убадаларды аткарсын. Биз да бул келишимге дароо кошулабыз. Оболу узартуу, андан кийин убадаларды аткаруу варианты Россия үчүн  ылайыктуу эмес»,- деди.  

Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Россияга жибергени билдирилген катты көрө электигин, келишимге дагы бир нече күн калганын жана эмне кылуу керек экенин ойлоно тургандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар