Энтони Блинкен Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Энтони Блинкен сүйлөшүүдө Армения менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карата  колдоосунун улантылып жаткандыгын билдирди.

2010592
Энтони Блинкен Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен  Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп өлкөсүнүн Армения менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карата  колдоосунун улантылып жаткандыгын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Мэтью Миллер жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Блинкендин Алиевге  АКШнын эки өлкөнүн ортосундагы «сүйлөшүүлөргө колдоосун» кайталап, сүйлөшүүлөрдө «креативдүү, ийкемдүү жана макулдашуу муктаждыгына» басым жасагандыгын айтты.

Билдирүүдө : "Министр Блинкен Лачын коридорунан  соода,  гуманитардык жана   жеке унаалардын акысыз өтүү зарылдыгын баса белгиледи.  Эки тарап тең туруктуу жана татыктуу тынчтык үчүн сүйлөшүүлөрдө позитивдүү кыймылды сактоосу керектигин баса белгиледи",- деп айтылды. 

Тышкы иштер министри Блинкен Твиттерден Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен да сүйлөшкөндүгүн маалымдаган.

Блинкен маалыматында : "Азербайжан менен  тынчтыкты түзүү үчүн улантылып жаткан  аракеттерге карата күчтүү колдоомду кайталоо үчүн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен сүйлөштүм. Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыктын бир гана жолу түз диалог жана дипломатия, аны жеңилдетүүгө жардам берүүдө чечкиндүүмүн»,- деди.  



Тектеш кабарлар