НАТОнун Украинага коопсуздук кепилдиги

Столтенберг Литванын борбор шаары Вильнюста НАТОнун саммитинин алкагында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2010461
НАТОнун Украинага коопсуздук кепилдиги

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия-Украина согушу аяктаганда Украинага тийиштүү коопсуздук кепилдиктери берилиши керектигин айтты.

Столтенберг Литванын борбор шаары Вильнюста НАТОнун саммитинин алкагында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Зеленскийге кайрылып, «НАТО зарылчылык болгон сайын сиз менен болот»,-деп айткан Столтенберг : «НАТО союздаштары Украинанын Орусияга каршы коргонуусуна жардам берүү үчүн миллиарддаган долларлык колдоо көрсөтүштү жана бул уланат»,-деди.

Вильнюс саммитинде жаңы көп жылдык аскердик колдоо пакети макулдашылганын, ушундайча СССР доорунан калган аскердик инвентарлар НАТОнун стандарттарына айлана турганын эске салган Столтенберг, ошондой эле НАТО-Украина кеңеши түзүлгөнүн, аны менен эки тарап тең укуктуу өнөктөш катары чечим кабыл ала аларын билдирди.

Столтенберг, Украинанын НАТОго мүчөлүгү үчүн лидерлердин күчтүү билдирүү бергенин жана «Украина альянска мүчө болоору» ырасталганын эске салды.

«Шарттар аткарылып, шериктештер макул болгондо Украинага НАТОнун чакыруусу жөнөтүлөт», - деп айткан Столтенберг мындай деди: «Биз бул согуш аяктагандан кийин Украинанын коопсуздугу үчүн ишенимдүү механизмдер болушун камсыздашыбыз керек, тарых кайталанбашы үчүн. Ошондуктан көптөгөн союздаштардын узак мөөнөттүү жардам көрсөтүүгө даяр болушун канааттануу менен кабыл алдым. Бул согуш аяктагандан кийин Орусиянын мындан аркы агрессиясын токтотот».

Столтенберг Орусиянын Украинаны согушта жеңилүүсү Украина үчүн гана эмес, Батыш үчүн да коркунуч туудурганын айтты.

«Путин жеңсе, бул Украина үчүн трагедия болмок, бирок бул биз үчүн да кооптуу. Бул бизди ого бетер аялуу кылат»,-деп айткан Столтенберг, Украинанын өз жолун тандоо эркиндигине ээ экенин, Орусиянын бул маселеде эч кандай сөзү жок экенин, Украинанын НАТОго мүчөлүгүн НАТО союздаштары гана чече аларын баса белгиледи.

F-16 согуштук учактары Украинага качан жеткирилет деген суроого жооп берген Столтенберг, кечээ НАТОнун 10 союздашынын украиналык учкучтарга F-16 учагын үйрөтүү үчүн коалиция курганына көңүл бурду.

Мунун Нидерландия жана Даниянын мурунку демилгеси менен түзүлгөнүн белгилеген Столтенберг, коалицияга башка кээ бир союздаштардын да киргенин жана машыгуунун эң кыска убакытта баштала турганын айтты.

Окуунун ушул жайда баштала турганын белгилеген Столтенберг: «Окуулардын башталышы кийинчерээк бизге F-16ларды жеткирүү чечимин кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет»,- деди.



Тектеш кабарлар