Шольц: «Түркия биз үчүн маанилүү өнөктөш»

Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТО саммитинин алдында сөз сүйлөгөн Шольц, акыркы Европа Биримдиги (ЕБ) Лидерлер саммитинде Түркия менен ЕБдин ортосундагы карым-катнаштардын дагы кандай өнүктүрүлүшүнө байланыштуу чечимдердин чыгарылганын айтты

2009904
Шольц: «Түркия биз үчүн маанилүү өнөктөш»

Германиянын канцлери Олаф Шольц Түркиянын алар үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтты.

Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТО саммитинин алдында сөз сүйлөгөн Шольц, акыркы Европа Биримдиги (ЕБ) Лидерлер саммитинде Түркия менен ЕБдин ортосундагы карым-катнаштардын дагы кандай өнүктүрүлүшүнө байланыштуу чечимдердин чыгарылганын айтты.

Европа Биримдиги Комиссиясынан карым-катнаштарды жакшыртуу үчүн сунуштарды жана отчетторду берүүнү талап кылгандарын белгилеген Шольц: «Мен бул жерде президент (Режеп Таййип) Эрдоган менен да сүйлөшөм. Түркия биз үчүн маанилүү өнөктөш. Бул келечектеги карым-катнаштарда да чагылдырылат»,-деди.

Президент Эрдоган менен бул жердеги жолугушуусунда карым-катнаштардын мындан ары дагы кандай өнүктүрүлө турганы карала турганын белгилеген Шольц, Европа Кеңешинин Түркия менен кызматташтыгынын кайра башталышы боюнча тиешелүү чечимдерди алуу үчүн аракет кылып жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар