БУУ Кара деңиз дан коридору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын билдирди

Келишимди толук ишке ашыруу жана узартуу үчүн колубуздан келгендин баарын аткарып жатабыз», -деген Дужаррик келишимдин глобалдык ачарчылык менен күрөшүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

2009836
БУУ Кара деңиз дан коридору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын билдирди

Бириккен Улуттар Уюму 17-июлда аяктай турган Кара деңиз дан коридору келишиминин мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын билдирди.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррештин да процесске «терең» катышкандыгын айтты.

Келишимди толук ишке ашыруу жана узартуу үчүн колубуздан келгендин баарын аткарып жатабыз», -деген Дужаррик келишимдин глобалдык ачарчылык менен күрөшүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

БУУнун бул тууралуу Россия, Украина жана Түркия менен байланышын улантып жаткандыгын белгилеген Дужаррик келишимге байланыштуу абалдардын «чоң мааниге ээ» экенине көңүлдөрдү бурду.

Россиянын Украинага кол салышы менен дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында БУУ, Россия, Түркия жана Украина 2022 - жылдын 22 - июлунда Стамбулда өткөрүлгөн азем менен Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшкан.

Буга чейин бир нече жолу узартылган келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Орус жетекчилер келишимди узартуу мүмкүнчүлүгүн көрбөй жаткандарын  айтышууда.



Тектеш кабарлар