Starlink спутниктери электромагниттик нурланууну чыгарышат

Science Alert гезитинин кабарына караганда, Европанын Түштүк Обсерваториясы (ESO) тарабынан жарыяланган баяндамасында, Starlink спутниктериндеги электрондук аппараттардын 110 менен 188 мегагерц арасындагы радио тилкелерине радиацияны жайганын ортого салды

2009434
Starlink спутниктери электромагниттик нурланууну чыгарышат

Европалык изилдөөчүлөр америкалык SpaceX компаниясына таандык Starlink спутниктери астрономиялык изилдөөлөр үчүн бөлүнгөн жыштык тилкелерин «кааланбаган» электромагниттик нурлануу менен булгаганын айтышты.

Science Alert гезитинин кабарына караганда, Европанын Түштүк Обсерваториясы (ESO) тарабынан жарыяланган баяндамасында, Starlink спутниктериндеги электрондук аппараттардын 110 менен 188 мегагерц арасындагы радио тилкелерине радиацияны жайганын ортого салды.

Баяндамада сөз кылынган спутниктердин 10,7 жана 12,7 гигагерц арасындагы жыштыктарда колдонулганы жана жыштык тилкелеринин сыртына жайылып электромагниттик булганууга себеп болгону белгиленди.

Белгилүү болгондой, Starlink спутнигинин радиациялык агып кеткен тилкелери Эл аралык электр байланыш биримдиги тарабынан астрономия изилдөөлөрү үчүн бөлүнгөн 150,05 менен 153 мегагерц аралыгындагы тилкелерди да камтыйт.

Төмөн жыштык ырааттуулугу (LOFAR) тармагын колдонгон изилдөөдө, SpaceXтин 68 Starlink спутнигинин 47синде «кааланбаган» радиациянын «жайылганы» байкалган.

Окумуштуулардын айтымында, «кааланбаган» себептерден келген радиация астрономиялык байкоолорго терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Радиация сызыгы көйгөйүнүн SpaceXке билдирилгени жана компаниянын чечимдин үстүндө иштей баштаганы белгиленди.

Изилдөө «Astronomy and Astrophysics» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар